Аймактар
Талас шаарында башаламан соода түйүндөрү жоюлду
Элита плюс
Апрель 05, 2023 г.
Талас шаарында башаламан соода түйүндөрү жоюлду
© Элита плюс

Талас шаарында башаламан соода түйүндөрү жоюлду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас мэриясынын жана шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын тийиштүү кызматкерлери базардын айланасын ирээтке келтирүү максатында рейд жүргүздү.

Рейддин алкагында тротуарларда, жол тилкелеринде башаламан соода иштерин жүргүзүп жаткан сатуучулардын соода кылууга ылайыкталган темир такталары алынып, базардын тегереги ирээтке келтирилди.

Белгилей кетсек, айрым соодагерлер тротуарларда соода жүргүзүп жөө адамдар үчүн бир топ түйшүк жаратып келет. Мыйзам талабына ылайык, соодагерлер соода иштерин атайын уруксат берилген жайларда, соода күркөлөрүнүн ичинде гана жүргүзүүгө тийиш.

Эске салсак, башаламан соода иштерин жүргүзүп жаткан жарандарга буга чейин бир катар эскертүүлөр берилип келген.