Аймактар
Талас облусунун аймагына 32 миңден ашуун көчөт отургузулду
Элита плюс
Апрель 18, 2023 г.
Талас облусунун аймагына 32 миңден ашуун көчөт отургузулду
© Элита плюс
Талас облусунун аймагына 32 миңден ашуун көчөт отургузулду
© Элита плюс
Талас облусунун аймагына 32 миңден ашуун көчөт отургузулду
© Элита плюс

Манас районундагы Бала-Саруу жаратылыш паркына ар кандай көчөттөрдүн түрлөрү отургузулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов катышып, жаратылышты коргоо ар бир жарандын ыйык парзы болууга тийиш экендигин белгиледи.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл жергиликтүү тургундар менен сугат суу жана сүт маселеси тууралуу баарлашып, айыл өкмөт башчылары жана тийиштүү мекеме-уюмдардын башчыларына элдин суроо талаптарына өз учурунда жооп берүү талабын койду.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү Эл аралык жылынын жана тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы" жарлыгын аткаруу жана "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында өтүп, Талас облусу боюнча жалпысынан 32 миңден ашуун көчөт отургузулду.