Аймактар
Талас: Энергетиктер кышка даярдык көрүшүүдө
Элита плюс
Сентябрь 17, 2020 г.
Талас: Энергетиктер кышка даярдык көрүшүүдө
© Элита плюс

 

Талас облусунда энергетиктер күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин аяктап калды. Быйыл облустагы ири деп саналган “Победа” трансформатордук көмөк чордонунда акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан реконструкциялоо иштери аяктап, көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылган. Эскирген жабдууларды алмаштыруу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатты жана бир эле Бакай-Ата районун эмес, жалпы Талас облусун электр кубаты менен камсыздоо жакшырды. “Победа” көмөк чордону 1984-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ал “Шыралжын” кенин, Маданият, Кызыл-Сай, Кең-Арал, Миң-Булак, Үрмарал, Бакай-Ата, Наматбек, Көк-Таш, Өзгөрүш жана башка айылдардын 7 миңдей тургунун электр энергиясы менен камсыздайт. Энергетиктер быйыл кышта электр жарыгын өчүрүүлөр болбойт деген ишенимде.