Саясат
Талант Мамытов жетекчилерден электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө көңүл бурууну талап кылды
Элита плюс
Декабрь 28, 2020 г.
Талант Мамытов жетекчилерден электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө көңүл бурууну талап кылды
© Элита плюс

Президенттин милдетин аткаруучу Талан Мамытов жетекчилерден электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө көңүл бурууну талап кылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 28-декабрда «Кыргыз Республикасындагы санариптештирүүнүн негизги багыттары: келечеги жана чакырыктар» аттуу конференциясы өттү.

"Эң биринчи кезекте бул формат адам фактору менен коррупциялык көрүнүштөрдү жоёт, аны менен жарандардын убактысы жана каражаты үнөмдөлөт. Мындан ары элибиз аткаминерлердин артынан чуркабашы керек, тиешелүү тиркеме аркылуу, маселен, салык кызматынан же башка органдардан керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүгү болушу зарыл", - деди Талант Мамытов.

Президенттин милдетин аткаруучу санарип технологиялар киргизилмейинче, мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү түйшүктөрдөн арылбастыгын кошумчалап, жетекчилерди чечкиндүү түрдө өздөрүнө жоопкерчиликти алууга чакырды.

Ошондой эле Талант Мамытов мекемелерге автоматташтырылган системаны киргизүү процессин жайлаткан жана саботаж кылып жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилерин сынга алды.

"Бүткүл дүйнө жүзү заманбап технологияларды киргизип жатса, биздин маморгандар дале эскиче, кагаздар менен иштеп жатат. Айрым жетекчилер тактамаларды жана маалыматтарды берүү менен өз чөнтөктөрүнө иштеп жатышат. Бул системаны сындыруу абдан оор, бирок буга биздин эркибиз жетет. Башкы максат — эски системаны жок кылуу, коррупцияны түп-тамырынан бери жоюу, адам факторун четтетүү. Кол койгон Жарлыкта мөөнөттөр көрсөтүлгөн: март айына чейин жетекчилер санариптештирүүнү ыкчам жана натыйжалуу кылып киргизет же алар менен биздин сөзүбүз кыска болот", - деди президенттин милдетин аткаруучу.

Ал мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 56 түрү бар экенин, анда адамдын туулганынан тартып каза болгонуна чейинки кызмат көрсөтүүлөр камтылганын кошумчалады.