Саясат
Талант Мамытов спортчуларды Дүйнө кубогундагы жеңиши менен куттуктады
Элита плюс
Декабрь 23, 2020 г.
Талант Мамытов спортчуларды Дүйнө кубогундагы жеңиши менен куттуктады
© Элита плюс
Талант Мамытов спортчуларды Дүйнө кубогундагы жеңиши менен куттуктады
© Элита плюс

Президентин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 23-декабрда Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлеген күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү менен машыктыруучулар курамын куттуктады.

Иш-чарага байгелүү орун алган спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Жоломан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Айпери Медет кызы, Исламбек Орозбеков, ошондой эле машыктыруучулар штабы катышты. Спортчу Айаал Лазерев шаарда болбогондугуна байланыштуу иш-чарага келе алган жок.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу куттуктоо сөзүндө кыргызстандык балбандар Дүйнө кубогунда 3 алтын жана 5 коло медалды багындырышып, жыйынтыгында жалпы медалдар боюнча 2-командалык орунду ээлеп, татыктуу натыйжаларды көрсөткөндүгүн белгиледи.

«Пандемияга жана башка кыйынчылыктарга карабастан, сиздер тынымсыз машыгып, талбай эмгек кылып, бардык тоскоолдуктарды жеңип, мыкты ийгиликтерге жетиштиңиздер. Бүткүл Кыргызстан сиздерди колдоп турду. Сиздердин жеңишиңер жалпы элибизге дем-күч берди, силер — биздин сыймыгыбызсыңар. Бул ийгиликтер жаңы жетишкендиктердин башталашы гана экенине, өлкөбүздүн желеги мындан аркы көптөгөн мелдештерде да бийик желбирерине бекем ишенем», — деп баса белгиледи Талант Мамытов.

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова курама команданын мүчөлөрүнүн атынан спортчуларды колдогон жалпы мекендештер менен күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабеков талбас эмгеги менен кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, Кыргыз өлкөсүн бүт дүйнөгө тааныткандыгын белгиледи.

«Келечекте мыкты чемпиондордун жаңы ысымдары чыгарына ишенем, ал үчүн ар бир спортчу өз мекенинин патриоту болушу керек жана чарчабастан машыгуусу зарыл», — деп билдирди Айсулуу Тыныбекова.

Өз кезегинде Нурбек Изабеков машыктыруучулар штабынын атынан өлкө жетекчилигинин жана жалпы эле кыргызстандыктардын жылуу кабыл алуусуна жана колдоосуна ыраазычылыгын айтты. «Мен 2010-жылдан тарта күрөш боюнча кыз-келиндер командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеп келем. Бул жылдар аралыгында биз көп нерсени башыбыздан өткөрдүк: жаракат алдык, жеңилдик. Бирок аларга карабастан, чөгүп отуруп калбастан абдан катуу иштедик, туура коюлган стратегия менен жеңиштерге жеттик», — деп айтты Нурбек Изабеков.

Ал спортчуларга Олимпиада оюндарында жеңиштерди каалап, бул үчүн машыктыруучулар курамы бардык күч-аракетин жумшайт деп ишендирди.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов спортчуларга жана машыктыруучуларга Мамлекет башчысынын резервдик фондунан бөлүнгөн акчалай сыйлыктарды тапшырды.