Коом
Талант Мамытов президенттик балаты майрамында балдарды куттуктады
Элита плюс
Декабрь 27, 2020 г.
Талант Мамытов президенттик балаты майрамында балдарды куттуктады
© Элита плюс

"Мамлекетибиздин эң чоң улуттук байлыгы - бул биздин билимдүү жаштар",- деп баса белгиледи президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 27-декабрда, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чарада.

Иш-чарада сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө, мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өтүп бараткан жылда дүйнө жүзүндө коронавирус илдетинен көптөгөн мамлекеттер жабыркап, Кыргыз өлкөсүндө да бул оору көптөгөн көйгөйлөрдү, анын ичинде билим берүү жаатында бир топ түйшүктөрдү жаратканын белгиледи.