Саясат
Талант Мамытов иш сапары менен Москвага барат
Элита плюс
Декабрь 04, 2020 г.
Талант Мамытов иш сапары менен Москвага барат
© Элита плюс

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 6-8-декабрь күндөрү Москвада иш сапары менен болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусиянын Федералдык жыйынынын мамлекеттик думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болоору, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргыз-Орус алакасын арттыруу маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Ошондой эле Талант Мамытовдун Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы - КМШнын аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулары мерчемделген.

Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров бар.