Дүйнөдө
Тайланддын королу 20 токолу менен Германиянын мейманканасына карантинге алынды
Элита плюс
Март 31, 2020 г.
Тайланддын королу 20 токолу менен Германиянын мейманканасына карантинге алынды
© Элита плюс

Таиланддын королу Маха Вачиралонгкорн коронавирустан коргонуу үчүн Германиянын Бавария шаарындагы Grand Hotel Sonnenbichl аттуу люкс мейманканага 20 токолу менен бирге карантинге кетти.

4 жылдыздуу мейманкана король жана анын айланасындагыларды тосуу үчүн аймактагы жетекчиликтен уруксат алары менен Рама X ал жакка жайгаштырылды. Bild гезитиндеги маалыматка караганда 67 жаштагы король жана жанындагылар жүргөн гаремде бир топ кызматчылар бар. Өлкө мыйзамына ылайык сынга алгандар 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ага карабастан он миңдеген таиланддыктар өлкөнүн королун коргогон мыйзамдарды бузуп, социалдык медидада талкуулап жатышат.