Коом
Табигый кырсыктардын алдын алуу
Элита плюс
Август 22, 2020 г.
Табигый кырсыктардын алдын алуу
© Элита плюс

Быйыл табигый кырсыктардан 13миң 434 кожолук жана 67миң 343 чарба жерлери корголду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей мекеме тарабынан табигый кырсыктардын алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү. Экинчи багытта атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытын көздөйт. Учурда Өзгөн районундагы Шоро тилкесинде дамба курулууда. Иш чарага инженердик техникалар тартылган. Жалпысынан быйылкы жылга карата 356 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 221де иштер аяктады. Алар мектеп, бала бакча, көпүрө, суу түтүкчөлөр жана стацияларда иштер бүткөрүлгөн.