Саясат
Таалайбек Сарыбашов Бахтияр Алиевге: Ушунтип иштесеңиз Соцфондду банкрот кыласыз
Элита плюс
Декабрь 08, 2022 г.
Таалайбек Сарыбашов Бахтияр Алиевге: Ушунтип иштесеңиз Соцфондду банкрот кыласыз
© Элита плюс

Бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун 2022-жылдагы бюджети, 2023-жылга болжолдуу бюджети талкууланууда.

 

Жыйындын жүрүшүндө депутат Таалайбек Сарыбашов Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиевдин ишмердүүлүгүн сынга алды.

 

Анын айтымында, Социалдык фонддун келечек үчүн стратегиялык планы жок.

 

"Азыр бир пенсионердин пенсиясын камчы кылуу үчүн 0,8 жумушчу адам туура келет экен. Өзүңүз айттыңыз пенсияны көтөрүү үчүн бир пенсионерге 3 жумушчу адам туш келсе, анан кантип пенсия көтөрөм деп жатасыз? 

Андан көрө жумушчу орундарды көбөйтүү тууралуу ойлонуш керек. Сиздин андай дагы планыңыз жок экен. Ушунтип иштесеңиз Соцфондду банкрот кылып, пенсия төлөй албай каласыз",- деди депутат Сарыбашов.