Коом
Төө-Ашууда акы төлөп өтүүчү тоннель курулат
Элита плюс
Август 05, 2020 г.
Төө-Ашууда акы төлөп өтүүчү тоннель курулат
© Элита плюс

Ош-Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашууда жакынкы келечекте акы төлөп өтүүчү тоннель курулат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов маалымат берди. Учурда сынак жарыяланып ага эл аралык деңгээлдеги тоннелди курууда тажрыйбалуу компаниялар арыз берүүдө. Долбоор боюнча азыркы тоннелден 1000 метр төмөн жакта узундугу 11 чакырым болгон эки тараптуу тоннель салынат. Аны беш жыл аралыгында ишке киргизүү пландалууда. Азыркы узундугу 2,6 чакырым болгон тоннель мындан 20 жыл мурда оңдоодон өткөн. 58 жылдан бери иштеп келе жаткан тоннелдин эскилиги жетип, дагы 7-7 жарым жыл аалыгында ири суммадагы оңдоону талап кылары айтылууда.