Аймактар
"Төө-Ашуу" ашуусунда жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилди
Элита плюс
Октябрь 23, 2020 г.
"Төө-Ашуу" ашуусунда жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилди
© Элита плюс
"Төө-Ашуу" ашуусунда жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилди
© Элита плюс

Бүгүн, 23-октябрда Суусамыр өрөөнүндө кар жаады. Буга байланыштуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгы жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизди.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жол кырсыгынын алдын алуу максатында Бишкек-Ош унаа жолундагы айрым транспорттук каттамдарга чектөө киргиздик. Айдоочуларды жолго чыгаардан мурда унаанын дөңгөлөктөрүн кышкы шинага алмаштырып алуусун суранабыз. Ошондой эле аралыкты сактап, жанына аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алууну эскертебиз", - дешти мекемеден.