Саясат
Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды
Элита плюс
Март 30, 2021 г.
Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды
© Элита плюс

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Аталган маалыматты "Кабар" агенттигине Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка башкы прокурор Курманкул Зулушев кол койгон.

Белгилей кетсек, Жапыкеев 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын мартына чейин  жоюлуп кеткен. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) жетектеп келген.

Булак: Кабар kg