Спорт
Сыймык Мадина МИРЛАН кызы: “Федерация президентинин эмгеги ат көтөргүс”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Сыймык Мадина МИРЛАН кызы:  “Федерация президентинин эмгеги ат көтөргүс”
© Элита плюс
Сыймык Мадина МИРЛАН кызы:  “Федерация президентинин эмгеги ат көтөргүс”
© Элита плюс
Сыймык Мадина МИРЛАН кызы:  “Федерация президентинин эмгеги ат көтөргүс”
© Элита плюс
Сыймык Мадина МИРЛАН кызы:  “Федерация президентинин эмгеги ат көтөргүс”
© Элита плюс
Сыймык Мадина МИРЛАН кызы:  “Федерация президентинин эмгеги ат көтөргүс”
© Элита плюс
Сыймык Мадина МИРЛАН кызы:  “Федерация президентинин эмгеги ат көтөргүс”
© Элита плюс
Сыймык Мадина МИРЛАН кызы:  “Федерация президентинин эмгеги ат көтөргүс”
© Элита плюс

Жакында эле кыз-келиндер арасында спорттун волейбол түрүнөн Азия мамлекеттеринин борбордук аймагы боюнча чемпионаты Бангладештин Дакка шаарында болуп өттү. Кыргызстан курамынын топ чапкычтары коло медалды багынтышты. “Салам-Алик” командасында ойногон Мадина Мирлан кызы чемпионатта “Мыкты оюнчу” деп табылды. Мадина карындашыбыз чемпионаттын жүрүшү тууралуу, волейбол оюнуна кандайча келгенин жана келечеги тууралуу айтып берди.

  • Мадина, Азия мамлекеттеринин борбордук аймак боюнча чемпионатта коло медаль жеңип келдиңер. Ушул боюнча кыскача айтып берсең.
  • Бангладеш мамлекетинин Дакка шаарындагы чемпионатта жалпы жонунан беш команда ат салыштык. Айлампа түрүндөгү алгачкы мелдеште 4-орунду камсыздап, кийинки күнү коло медаль үчүн болгон беттеште Бангладештин кыздарын 3:0 эсебинде утуп татыктуу коло медалды багынттык. Волейбол командалык оюн болгондуктан кыздардын баары ар бир беттешүүдө болгон күч-аракеттерин кылышты. Эл аралык мелдештерде тажрыйба аз болгондон кийин кээ бир кыздар сүрдөп, кээси толкунданып аткандары байкалып турду. Бирде маңдай жарыла кубанып, бирде ызалана ыйладык. Эң негизгиси кубанычтын көз жашы азыркыга чейин көз алдыман кетпей турат.
  • Волейболго кандайча келип калгансың, канча жашта элең?
  • Токмок шаарынанмын. Волейболго мектепте окуп жүргөндө эле кызыгып калдым. 5-класста окуп жүргөндө капыстан спорт залга башбагып калсам, кыздар топ ойноп атыптыр. Бир топко чейин карап турдум. Мендей эле кыздарды дене тарбиядан берген мугалим Дүйшөнбиев агайыбыз машыктырып атыптыр. “Мен да ойносом болобу?” - десем, “кел, ийримге катыш”, - деп калды. Ал жерде эки жылдай, анан Токмок шаарындагы балдардын спорт мектебинде такшалдым десем болот.
  • Кыргызстан курама командасында кайсы жылдардан баштап ойноп келесиң?
  • Шаарга келгенде “Салам-Алик” командасында ойной баштадым. Ошол жерден республиканын кыз-келиндер арасындагы чемпионатында оюнга болгон чеберчилигим кыйла өстү. Ушу кезге чейин өлкөнүн алты жолку чемпиону болууга жетиштим. “Связующий” деп коёт бизде, ошол позицияда жөндөмүм бар экен.
  • 2017-жылы Баку шаарына да барган элең...
  • Ооба, Баку шаарында өткөн ислам өлкөлөрүнүн тилектештик оюндарында кыз-келиндер арасында Кыргызстандын курама командасында ойноп, ал жерде да коло медалды багынтканбыз. Азыркы президентибиз Сооронбай Шарипович биздин эл аралык мелдеште жараткан ийгилигибизди кызуу куттуктап, өзү кабыл алып “Ыраазычылык катын” тапшырган.
  • Кыз-келиндер арасында волейбол оюнунун келечеги кандай?
  • Чынын айтыш керек, акыркы жылдары биздин өлкөдө волейбол оюну бирден-бир популярдуу оюндардын катарына кирип, өтө тездикте өнүгүп атат. Баары айылдан башталып атканына күбөбүз. Кыз-келиндер арасында эле эмес, “Энелер лигасы” ачылып, ал жакта да оюндар кызуу жүрүп жатат. Мындай жакшы көрүнүшкө федерациянын жетекчиси Элмурза Сатыбалдиевдин эмгеги ат көтөргүс болууда. О.э. баш катчы Кылыч Сарбагышев, вице-президент Жеңиш Кызалаковдордун иш билгилиги жүрөк жылытууда. Мен чала-була көрүп калдым, мурунку Волейбол федерациясынын президенти кыздарыбызды ойнотпой, ойнотсо да жакшы деңгээлде уюштурчу эмес. Ал эми кыргыз волейболунун, анын ичинде кыз-келиндер арасындагынын келечеги тууралуу айтсам учурда жылыштар жок эмес, арбын. Быйыл Азия чемпионатында коло медалды багынттык. Кийинки жылдары мындан төмөн болбойт, илгерилеп жылабыз. Ал үчүн бардык шарттар жетиштүү. Эң негизгиси федерация президенти Элмурза агайга узун өмүр, чың ден соолук каалайлы.

Блиц-анкета Жердиги – Токмок шаары Жашы – 24 Бою – 172 см Салмагы – 60 кг Спортто жетишкендиктери – КРнын алты жолку чемпиону, Ислам шериктештер оюнунун коло жана Азия чемпионатынын коло медалынын ээси Спорттук даражасы – КРнын спорт чебери Машыктыруучусу – Абдухамид Айсаходжиев Эңсеп жеген тамагы – манты

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ