Маданият
Сыймык Бейшекеев: “Бекжандын ата-энесине “Үй алып берем” деген тилегин аткарууга белсенип турабыз”
Элита плюс
Ноябрь 21, 2022 г.
Сыймык Бейшекеев: “Бекжандын ата-энесине “Үй алып берем” деген тилегин аткарууга белсенип турабыз”
© Элита плюс

11-декабрда жол кырсыгынан каза тапкан ырчы Бекжан Темирханды эскерүү концерти өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Эл артисти Сыймык Бейшекеев социалдык тармактагы жеке баракчасына маалымдады:

“Турмуш бизди Атам деп ыйлатсын, бирок ботом деп сыздатпасын, деген экен акылман элибиз. Чыканактай кезинде чырагы өчкөн ушул Бекжан деген ырчы жигит жөнүндө сиздерге эки ооз сөз жазгым келди, жеке жакындан жакшы тааныштыгым болбосо дагы, эл катары ырларын угуп билип, бир эки иш чарада кол алышып амандашып калган жайым бар эле. Жаш кеткени абдан өкүнүчтүү болду, не бир ой максаттары, келечек пландары, канчалаган чыга элек ырлары өзү менен кошо кетти аттиң. Ыраматылык Таалай Бектурганов дагы ушундай гүлгүн курагында күлойрон тагдырга тушукту эле, бейишин берсин жараткан. Менин айтайын дегеним, Бекжанды жакындан билген сахналаш инилерим келиптир мага кеңешкени, “үй-бүлөдө баарын көтөргөн Бекжан эле, шаардан үй алып ата-эне, бир туугандарымды көчүрүп келсем деген тилектери аткарылбай калды, кандай кеңеш бересиз, кандай кылсак туура болот?” деп. Айткан кеңешимди сиздерге дагы бөлүшүп кетүүнү туура көрдүм, көзү өтүп кеткен маркумдун жасалбай аткарылбай калган максат ойлорун улантыш артындагы тирүүлөрдүн парзы деп түшүнөм. Ата-энесине “үй алып берсем” деген аруу тилегин арбагы ыраазы болсун деп биз аткарууга белсенип турабыз.

11 - декабрь күнү саат 19:00 Кожомкул атындагы спорт ордосунда Бекжан Темирханды эскерүү концертин өткөрөбүз. Бекжандын күйөрмандары концертке келип, ырларын угуп, концертке келе албагандар, мисалы алыстагы мекендештер атайын ачылган банктык эсепке каражат которсоңуздар болот, түшкөн каражат толугу менен менин жеке көзөмөлүмдө болуп, Бекжандын тирүү кезиндеги мүдөөсүн аткарууга жумшалат, өлгөндөр даңкталбай, тирүүлөр баркталбайт эмеспи, келиңиздер арбак алдында тирүүлүк парзыбызды аткарууда ниеттеш бололу, сиздин пикир албетте маанилүү, бул ишибизди колдоого аласызбы?”, - деп жазылат анда.