Аймактар
Сузак районунда заманбап спорттук аянтча ишке берилди
Элита плюс
Сентябрь 22, 2020 г.
Сузак районунда заманбап спорттук аянтча ишке берилди
© Элита плюс

Сузак районунун Дөмөр айылына заманбап спорттук аянтча ишке берилди. Жалпы наркы 3 миллион 178 миң сомго каржыланган кичи футбол аянтчасын куруу үчүн элет эли демилге көтөрүп, Россияда эмгектенип жүргөн айыл жаштары колдоо көрсөткөн. Буга чейин айылда жаштар үчүн мындай спорттук жай болгон эмес. Андыктан спортко кызыккан айылдыктар коңшу айылдарга барып алектенишчү. Жаңы кичи футбол аянтчанын курулушу менен мектеп окуучулары үчүн да жакшы шарт түзүлдү. Мында спорттун футбол, волейбол жана баскетбол түрү боюнча ийримдерди жана мелдештерди өткөрүүгө шарт бар.