Коом
Суучулдар Ысык-Көлдөн 1100 метр тор алып чыгышты
Элита плюс
Март 16, 2023 г.
Суучулдар Ысык-Көлдөн 1100 метр тор алып чыгышты
© Элита плюс

Ысык-Көлдө суучулдар көлдүн астынан 1100 метр тор алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин суучулдары тарабынан 12-марттан 15-мартка чейин Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелеринен жалпы 1100 метр балык уулоочу тор, 700кг ашык таштандылар чыгарылды. Тазалоо иши жуманын иш күндөрү 8 сааттан жүрүүдө. Ал эми жаан жааган жана катуу шамал учурунда иш убактылуу токтотулуп турат.

Эске салсак, "Ысык-Көлдү коргойлу" аталышындагы масштабдуу иш-чара президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана жарлыгынын негизинде уюштурулду. Көлдүн флора, фаунасына жана тазалыгына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо Ысык-Көлдүн бүтүндөй акваториясынын булганган тилкелерин камтып, 1-2 жылга чейин уланат.