Коом
Суу сактагычтагы суу көбөйдү
Элита плюс
Сентябрь 07, 2020 г.
Суу сактагычтагы суу көбөйдү
© Элита плюс

7-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 24 млн куб метрге жетти. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Суунун агып келиши секундасына 511 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 280 куб метрге жетүүдө. Сентябрь айынын башында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 14 млрд 864 млн куб метр болчу. Суу сактагычка суу Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Сууну агып келүүсүнүн активдүү мезгили май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.