Коом
Сутка ичинде вирустан бир бейтап каза болду
Элита плюс
Сентябрь 28, 2020 г.
Сутка ичинде вирустан бир бейтап каза болду
© Элита плюс

Акыркы суткада коронавирустан бир кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ош облусунда бир жаран каза болду.

Белгилей кетсек, 28-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 104 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 46 миң 355ти түзөт. Алардын ичинен 42 миң 619 киши айыгып чыкты, 1 миң 64 адам каза болду.