Коом
Сутка ичинде вирус жуктурган дагы 548 адам аныкталды
Элита плюс
Июль 28, 2020 г.
Сутка ичинде вирус жуктурган дагы 548 адам аныкталды
© Элита плюс

 Кыргызстанда 28-июль саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 548 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 33 миң 844 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 139
  • Ош – 33
  • Чүй облусу – 36
  • Ош облусу - 65
  • Талас облусу – 30
  • Нарын облусу – 36
  • Ысык-Көл облусу – 83
  • Жалал-Абад облусу – 101
  • Баткен облусу - 25