Коом
Сутка ичинде дагы 549 адамдан илдет табылды
Элита плюс
Август 06, 2020 г.
Сутка ичинде дагы 549 адамдан илдет табылды
© Элита плюс

Кыргызстанда 6-август саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 549 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 38 миң 659 адамга жетти.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 162
  • Ош – 81
  • Чүй облусу – 38
  • Ош облусу - 71
  • Талас облусу – 36
  • Нарын облусу – 12
  • Ысык-Көл облусу – 45
  • Жалал-Абад облусу – 44
  • Баткен облусу - 60