Коом
Сутка ичинде дагы 2 бейтап коронавирустан каза болду
Элита плюс
Ноябрь 13, 2020 г.
Сутка ичинде дагы 2 бейтап коронавирустан каза болду
© Элита плюс

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 2 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каза болгон жарандар Бишкек шаарында жана Баткен облусунда катталган.

Бул көрсөткүч менен коронавирус жана пневмония оорусунан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 195ке жетти.