Коом
Сутка ичинде дагы 2 адам коронавирус жана пневмониядан каза болду
Элита плюс
Декабрь 23, 2020 г.
Сутка ичинде дагы 2 адам коронавирус жана пневмониядан каза болду
© Элита плюс

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 2 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каза болгон 2 адам Бишкек шаарында жана Талас облусунда катталган.

Бул көрсөткүч менен коронавирус жана пневмония оорусунан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 337ге жетти.