Коом
Сутка ичинде бир бейтап вирустан каза болду
Элита плюс
Август 30, 2020 г.
Сутка ичинде бир бейтап вирустан каза болду
© Элита плюс

Сутка ичинде Кыргызстанда бир бейтап коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн сутка ичинде Ош облусунда бир бейтап COVID-19дан көз жумду. Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 миң 59 адам каза болду.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 108 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 820ны түзөт. Алардын ичинен 38 миң 19 киши айыгып чыкты, 1 миң 59 адам каза болду.