Коом
Сутка ичинде бир адам вирустан каза болду
Элита плюс
Август 24, 2020 г.
Сутка ичинде бир адам вирустан каза болду
© Элита плюс

Акыркы суткада коронавирустан бир адам көз жумду. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында бир бейтап каза болгон. Илдет башталгандан тарта коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 1 057 болду.  Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-августка карата коронавирус жуккан (пневмонияны эске алганда) жаңы 103 учур катталып, жалпы вирус жуктуруп алгандардын саны 43 миң 126га жетти. Алардын ичинен 36 миң 615 бейтап сакайып чыккан.