Коом
Сутка ичинде бир адам каза болду
Элита плюс
Август 21, 2020 г.
Сутка ичинде бир адам каза болду
© Элита плюс

Акыркы суткада коронавирустан бир кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында бир жаран коронавирустан каза болгон.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-августка карата коронавирус жуккан учурлардын саны 42 миң 703кө жетти. Алардын ичинен 35 миң 831 киши илдеттен айыгып чыкты, ал эми 1 миң 55 адам каза болду.