Коом
Сутка ичинде бир адам илдеттен каза болду
Элита плюс
Август 17, 2020 г.
Сутка ичинде бир адам илдеттен каза болду
© Элита плюс

Акыркы суткада Баткен облусунда бир адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 илдетинен (пневмонияны эсепке алганда) жалпы 1 миң 496 адам каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 41 миң 991ди түзөт. Алардын ичинен 34 миң 567 киши айыгып чыкты, 1 миң 496 адам каза болду.