Коом
Сутка ичинде 234 адам вирустан айыгып чыкты
Элита плюс
Август 28, 2020 г.
Сутка ичинде 234 адам вирустан айыгып чыкты
© Элита плюс

Кыргызстанда сутка ичинде 234 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 104, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда – 25, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 32, Баткен облусунда 14 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 37 миң 726га жетти.