Коом
Сутка ичинде 127 адам илдеттен айыгып чыкты
Элита плюс
Октябрь 12, 2020 г.
Кыргызстанда сутка ичинде 127 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 20, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда - 7, Ош облусунда – 20, Жалал-Абад облусунда – 44, Баткен облусунда – 41 бейтап коронавирустан айыкты.
Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 44 миң 522 адамга жетти.