Коом
Сутка ичинде 101 адам илдеттен айыгып чыкты
Элита плюс
Сентябрь 14, 2020 г.
Сутка ичинде 101 адам илдеттен айыгып чыкты
© Элита плюс

Кыргызстанда сутка ичинде 101 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 54, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 11, Баткен облусунда - 19 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 41 миң 23кө жетти.