Саясат
Суракматов кызматына кайтып келди
Элита плюс
Октябрь 08, 2020 г.
Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри кызматына кайтып келди. Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Гуля Алманбетова билдирди.
Эскерте кетсек, 6-октябрда Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, кызматынан кеткен.
Күн мурун мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкек шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев дайындалган.