Коом
Статистика боюнча коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын көбү – 102 адам Ленин районунда жашайт
Элита плюс
Май 23, 2020 г.
Статистика боюнча коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын көбү – 102 адам Ленин районунда жашайт
© Элита плюс
“Статистика боюнча коронавирус илдетине чалдыккан адамдардын көбү – 102 адам Ленин районунун аймагында жашайт, Октябрь районунда 71 адам, Биринчи май районунда 56 жана Свердлов районунун аймагында 43 адам”, - деп билдирди Бишкектин мэри Азиз Суракматов.
Анын айтымында, ооруну жуктуруп алган 83 адам Бишкек шаарынын 20 калктуу конушунда турушат, алардын ичинен:
Ленин району (37):
- Арча Бешик калктуу конушу – 26, Ак-Орго калктуу конушу – 6, Ынтымак калктуу конушу – 3, Ак-Ордо калктуу конушу – 2;

Октябрь району (10):
- Көк-Жар калктуу конушу – 7, Кара-Жыгач калктуу конушу - 1, Алтын-Ордо калктуу конушу – 1, Рухий-Мурас калктуу конушу – 1;

Биринчи май району (27):
- Ак-Босого калктуу конушу – 13, Көлм калктуу конушу – 10, Тынчтык калктуу конушу – 1, Касым калктуу конушу – 1, Мурас-Ордо калктуу конушу – 1, Щербаков калктуу конушу – 1;

Свердлов району (9):
- Учкун калктуу конушу – 2, Керамическая калктуу конушу – 2, Красный строитель калктуу конушу – 2, Дордой калктуу конушу – 1, Эне-Сай калктуу конушу – 1, Ак-Бата калктуу конушу – 1.