Коом
Стамбул-Бишкек каттамы уюшулат
Элита плюс
Июнь 29, 2020 г.
Стамбул-Бишкек каттамы уюшулат
© Элита плюс

Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги билдиргендей, 2-июлда жана 4-июлда Стамбул - Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик рейс уюштурулганы жатат. Элчилик жана башкы консулдук түзгөн атайын тизменин алкагында түркиялык "Пегасус" авиакомпаниясы менен жалпы 466 жаран Кыргызстанга кайтары кабарланды. Чартердик каттамдын жол киреси 220 долларды түзүп, авикомпания жүргүнчүлөргө 28 килограмм жүк алып өтүүгө гана уруксат берген. Коронавирустун алдын алуу максатында учакка кол багажын алып кирүүгө тыюу салынган. Элчиликтин жана башкы консулдуктун тизмесине кирген жана “Пегасус” авиакомпаниясынын 2020-жылдын 4-июлуна чейинки рейстерине мурда сатып алынган билеттер чартердик каттамга жарактуу. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги бул чартердик каттам менен кайра түрк жарандары учуп кетерин билдирди. Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап, иштешет.