Аймактар
Сүт секторун комплекстүү өнүктүрүү
Элита плюс
Июнь 30, 2020 г.
Сүт секторун комплекстүү өнүктүрүү
© Элита плюс

Дүйнөлүк банктын "Сүт секторунун комплекстүү өнүктүрүү" долбоору аркылуу Ысык-Көл облусундагы фермерлерге бир нече жабдыктар тапшырылды. Бул долбоордун наркы беш миллион долларды түзүп, анын алкагында аймактагы сүт заводдору үчүн 12 даана сүттү муздатуучу танкерлер, Каракол жана Балыкчы шаарларындагы ветеринардык лабараториялардын ар бирине жүздөн ашык тийиштүү жабдыктар алынып берилген. Долбоордун алкагында сүттүн сапатын текшерүүчү 130 даана жабдыктар таратылды. Ал эми облус аймагындагы 124 кичи фермерлик чарбалардын ишин жакшыртуу максатында 290 тонна цемент, 13560 тактай, 10850 чарчы метр чатыр темирлери жана 18 даана жем майдалоочу жабдык, 14 уй сааган аппарат таратылган. Долбоордун алкагында 2 миң фермерге күрөөсүз жана пайызсыз насыялар берилет. Мындан сырткары 6 миң фермер атайын окутуулардан өтөт.