Аймактар
"Сорос-Кыргызстан" фонду Оштогу ооруканага дары-дармектерди берди
Элита плюс
Август 12, 2020 г.
"Сорос-Кыргызстан" фонду Оштогу ооруканага дары-дармектерди берди
© Элита плюс

"Сорос-Кыргызстан" фонду Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасына жана ыктыярчы медиктердин көчмө топторуна гуманитардык жардам катары коронавирусту дарылоодо колдонулуучу дары-дармектерди берди.

Фонд ооруканага Эноксапаринден 900 таңгакча, Гепаринден – 670, Цефепимден – 5 миң, Клександан 500 таңгакча берген.

Агат-Нур медиктердин көчмө тобунун ыктыярчысы Сахиба Шакирова дары-дармектердин ар биринде "Сатууга болбойт!" деген жазуу бар экенин айтат. Дары-дармектен тышкары фонд ыктыярчы-медиктердин көчмө топторуна жана аймактагы ооруканаларга респиратор, дезинфекциялоочу каражат, жеке коргонуучу каражаттарды берген.

Ошентип фонд 7 облустук ооруканага жана Жазаларды аткаруу мамлекетик кызматына коронавирусту дарыялоодо колдонулуучу дары-дармектерди сатып берди.