Коом
“Сорос-Кыргызстан” фонду 7 облуска дары-дармек берди
Элита плюс
Август 06, 2020 г.
“Сорос-Кыргызстан” фонду 7 облуска дары-дармек берди
© Элита плюс

 “Сорос-Кыргызстан” фонду коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн 7 облустук бириктирилген ооруканага жана КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКга маанилүү дары-дармек каражаттарын сатып берди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, колдоонун суммасы 16 млн 453 миң 500 сомду түздү.

Дары-дармек каражаттарынын тизмесине антикоагулянттар жана антибиотиктер кирди: клексан – 3000 таңгак, эноксапарин – 3000 таңгак, гепарин – 2000 таңгак, цефепим – 15000 таңгак.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун пандемиясы башталгандан бери фонд жеке коргонуу каражаттарын кайтарымсыз берүү, 118 ыкчам байланыш линиясын, психологиялык жардам боюнча ыкчам байланыш ачууда көмөк көрсөтүп келүүдө.

Дары-дармектердин бөлүштүрүлүшү:

Чүй облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 500 таңгак; Гепарин – 150 таңгак; Цефепим – 2500 таңгак; Клексан – 290 таңгак.

Нарын облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 300 таңгак; Гепарин – 150 таңгак; Цефепим – 800 таңгак; Клексан – 180 таңгак.

Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 150 таңгак; Гепарин – 80 таңгак; Цефепим – 1400 таңгак; Клексан – 80 таңгак.

Талас облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 200 таңгак; Гепарин – 150 таңгак; Цефепим – 800 таңгак; Клексан – 180 таңгак.

Ош облустар аралык бириктирилген клиникалык ооруканасы: Эноксапарин – 900 таңгак; Гепарин – 670 таңгак; Цефепим – 5000 таңгак; Клексан – 500 таңгак.

Баткен облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 150 таңгак; Гепарин – 100 таңгак; Цефепим – 1000 таңгак; Клексан – 170 таңгак.

Жалал-Абад облустук бириктирилген ооруканасы: Эноксапарин – 800 таңгак; Гепарин – 700 таңгак; Цефепим – 3500 таңгак; Клексан – 600 таңгак.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы: Клексан – 1000 таңгак.