Президент
Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абаддагы оорукананын курулуш иши менен таанышты
Элита плюс
Август 13, 2020 г.
Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абаддагы оорукананын курулуш иши менен таанышты
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-августта, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары алкагында облустук клиникалык оорукананын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Облуста эки кабаттуу, 100 орундуу жаңы имарат курулуп жатат.

Ошондой эле облустук клиникалык ооруканада Германия өкмөтүнүн көмөгү менен жаңы имарат салынып, ал кийинки жумадан тарта иштей баштайт.

Президент медицина кызматкерлери менен баарлашуусунда, колдонулбай туруп калган имараттарды заманбап ооруканаларга айландыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан кайра профилдөө иштери тууралуу айтып берди. Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде жаңы типтеги ооруканалар да курула турганын билдирди.

«Биз дарыгерлердин айлык маянасын жогорулатуу жана социалдык абалын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул иште биз калкка мамлекеттик кызмат көрсөткөн бардык тармактарды, анын ичинде саламаттыкты сактоо тармагын дагы санариптештирүү жолу аркылуу жетишилген натыйжаларга таянабыз. Бул чаралар көмүскө экономиканы азайтуу, өлкө бюджетине каражаттардын келип түшүүсүн жогорулатуу максатында кабыл алынат. Аталган каражаттарды социалдык тармактын кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүгө багыттайбыз», — деп белгиледи Жээнбеков.

Президент 12-13-август күндөрү Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарын кыдырат. Ал өткөн жумада Ысык-Көлгө, ага чейин Талас облусуна барган