Президент
Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров менен жолугушту
Элита плюс
Октябрь 13, 2020 г.
Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров менен жолугушту
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-октябрда, Садыр Жапаров менен жолугушту.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкө Өкмөтүнүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому боюнча өз позициясын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин токтомун кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын белгиледи.

«Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы аталган маселени Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоо менен кароосу үчүн парламентке кайрылат.