Саясат
Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева жолугушту
Элита плюс
Октябрь 12, 2020 г.
Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева жолугушту
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы өлкө башчы Роза Отунбаева менен жолугушту. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жеке булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, эки тарап кантип биримдикке келүү жолун талкуулашты.

Буга чейин Роза Отунбаева тараптарды ынтымакка келтирүү үчүн ортодо сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экенин белгилеген.

5-октябрь күнү Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына каршы митинг өттү. Анда 12 партиянын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты.

Түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын басып алышты.