Коом
Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин Комуз күнү менен куттуктады
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
Сооронбай Жээнбеков кыргыз элин Комуз күнү менен куттуктады
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Комуз күнү менен куттуктады. Өлкө башчы кыргыз эли үчүн комуз — жөн гана салттуу музыкалык аспап эмес, маданияттын туу чокусу «Манас» эпосу менен катар, бабалардын даңктуу жолун урпактарга күү аркылуу жеткирип турган мурас деп эсептейт.

«Канча жылдар өттү, канча доорлор өттү. Ошол улуу жолубуздун баяны комуз кайрыктарында калып, муундан муунга өтүп, жан дүйнөбүздү ойготуп, улуттук ар намысыбызды шыктандырып келе жатат. Рух табериги болгон комуздан керемет чыгармалар жаралып, ал күүлөр философиялык тереңдиги, музыкалык көп түрдүүлүгү менен эл аралык аренада таанылып келет», -деп айтылат куттуктоодо.

Эки жылдан бери белгиленип жаткан Комуз күнү жыл сайын салттуу өткөрүлүп келет. Бул күнгө карата жумалык жарыяланган, ал 11-сентябрга чейин уланат