Президент
Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ, КРнын Президенти: "Биз өткөндөн сабак алып, биримдикти чыңдоо менен, бир эл, бир журт катары өлкөбүздү өнүктүрөбүз"
Элита плюс
Июнь 10, 2020 г.
Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ, КРнын Президенти: "Биз өткөндөн сабак алып, биримдикти чыңдоо менен,  бир эл, бир журт катары өлкөбүздү өнүктүрөбүз"
© Сүрөт С.Досалиевге таандык
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы кайгылуу Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылды.
Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:
«Урматтуу мекендештерим!
2010-жылдын июнь айында болуп өткөн кайгылуу окуя эгемен мамлекетибиз үчүн эң оор сыноо болду.
Көптөгөн мекендештерибизден ажырап, кайгы-муңга туш болдук.
Бүгүн ошол апаатта кайтыш болгондорду эскеребиз, Жараткан аларга бейиштен орун берсин деп тилейбиз.
Каза болгондордун ата-энелерине, балдарына, жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз.
Жабыр тарткандарга кол сунуп, жардам берген жалпы элибизге рахмат айтабыз.
Ошол оор күндөрү өлкөбүзгө колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка ыраазылык билдиребиз.
Бул кайгылуу окуя, коомдогу ынтымак баарынан бийик дөөлөт экенин дагы бир ирет көрсөттү.
Улуттар арасындагы биримдик, этностордун ортосундагы ынтымак ар дайым өтө аяр мамилеге, дайыма коргоого муктаж экенине ынандык.
Биздин өлкөбүздө улуттук саясатты ишке ашыруу абдан кылдаттыкты талап кылаарын көрдүк.
Мамлекетибиздин бүтүндүгүн, коомубуздун тынчтыгын көздүн карегиндей сактоо ар бирибиздин милдетибиз экенин терең түшүндүк.
Биз өткөндөн сабак алып, биримдикти чыңдоо менен, бир эл, бир журт катары өлкөбүздү өнүктүрөбүз.
Урматтуу мекендештерим!
Кыргызстан — көп улуттуу мамлекет, биздин өлкөдө жүздөн ашык этностун өкүлдөрү жашайт.
Бардык улуттун маданияты, үрп-адаты аяр мамиле кылууну, жарандарыбыздын укуктары астейдил коргоону талап кылат.
Көп түрдүүлүк — биздин байлыгыбыз. Ар бир улут өзүнүн маданияты, тили, каада-салты менен мекенибиз Кыргызстанды көрктөндүрүп турат.
Ата-бабаларыбыз биримдик жана достук менен бизге даңазалуу тарыхты мурас калтырган.
Биз алардын улуу жолун улап, урпактарга гүлдөгөн мамлекетти жеткирүүгө милдеттүүбүз.
Ар бирибиз элдин ынтымагын бекемдөөгө, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого, өлкөбүздү өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошолу.
Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!
Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай Өзү колдосун!»