Саясат
Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө
Элита плюс
Март 31, 2020 г.
Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта, мамлекеттик органдардын катышуусу менен чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маселе каралууда.

Ыкчам штабдын жетекчиси — Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус илдетинин таралышын токтотууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө маалыматтары угулуп жатат.