Саясат
Солтонбекова Чүй облусундагы социалдык өнүктүрүү башкармалыгына барды
Элита плюс
Январь 13, 2021 г.
Солтонбекова Чүй облусундагы социалдык өнүктүрүү башкармалыгына барды
© Элита плюс

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында район аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Ализа Солтонбекова иш сапарында район аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыктын базасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борбору иштеп, анда 20га жакын бала жумуш менен камсыздалгандыгына күбө болду. Мындан тышкары, аталган башкармалыктын долбоорунун алкагында тигүү цехи ачылып, аялдар кийимдерди бычууну жана тигүүнү үйрөнүшөт. Кыска убакыттын ичинде 6 үй-бүлө тигүү цехтерин ачышкандыгы тууралуу башкармалыктын кызматкери билдирди.

"Ализа Солтонбекова жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи, анткени акыркы мезгилде балдарга жана аялдарга карата зомбулук көбөйүүдө. Министр өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттарынын бири бул фостердик үй-бүлөлөрдүн кызмат көрсөтүүсүн өнүктүрүү экенин, ошондуктан ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбиялануусуна шарт түзүүнү, андан тышкары, калктын иш менен камсыз болуусуна көмөктөшүү иш-чараларды күчөтүүнү кошумчалады", - деп жазылат маалыматта.