Коом
Социалдык фонддун Call-борборуна 29 миңден ашык кайрылуу келип түштү
Элита плюс
Август 10, 2020 г.
Үстүбүздөгү жылдын январь — июль айларында Социалдык фонддун Call-борборуна 29 миң 555 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, июль айында эле 2 миң 399 кайрылуу болсо, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 548 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.
Соцфонддун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.