Коом
Соцфонд: "Пенсиялардын орточо өлчөмү 2020-жылы 6061 сомду түздү"
Элита плюс
Декабрь 17, 2020 г.
Соцфонд: "Пенсиялардын орточо өлчөмү 2020-жылы 6061 сомду түздү"
© Элита плюс

Пенсиялардын орточо өлчөмү 2020-жылы 6061 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал пенсионерлердин саны жылдан-жылга өсүп жатканын, жылдын аягында 670 миңге жете турганын айтты. Социалдык фонддун маалыматы боюнча, бир пенсионерге иштеген бир киши туура келет.

Парламентте "Социалдык фонддун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.