Коом
Соцфонд 2021-жылдын жети айында 41 миңден ашуун жаранга пенсия чектеди
Элита плюс
Август 13, 2021 г.
Соцфонд 2021-жылдын жети айында 41 миңден ашуун жаранга пенсия чектеди
© Элита плюс

2021-жылдын январь-июль айларында Социалдык фонд тарабынан 41 миң 17 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде 2021-жылдун июлунда 4 миң 619 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 839 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди.