Коом
«Слово Кыргызстана» гезитинин редакторун кесиптеши сабады
Элита плюс
Февраль 24, 2021 г.
«Слово Кыргызстана» гезитинин редакторун кесиптеши сабады
© Элита плюс

«Слово Кыргызстана» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Кифаят Аскерованы кечээ чогуу иштеген кесиптеши сабаган.

Бул тууралуу анын кесиптештери маалымдашты. Маалыматка ылайык, Аскерованы гезиттин коммерциялык директору Уматкүл Бралкеева сабаган.

Кесиптештеринин айтуусунда экөөнүн мурдатан мамилеси начар болгон. Кифаят Аскерова №4 шаардык ооруканага жеткирилгени кабарланды. Чатакташуу учурунда Бралкеева да жабыркаганы кабарланууда.

Кифаят Аскерованын сабалганы тууралуу маалыматты шаардык милиция да ырастады.

Милициянын маалыматына караганда, редактордун сабалганы тууралуу маалымат 23-февралда, саат 16:30 чамасында түшкөн. Учурда иш иликтенип жатат.

Кифаят Аскерова «Слово Кыргызстана» басылмасына башкы редактордун милдетин аткаруучу болуп, мурдагы баш редактор Курманбек Мамбетовдун ордуна дайындалган.