Коом
Сүйүнчү! Бишкекте жаңы автобустар каттамга чыкты
Элита плюс
Февраль 17, 2023 г.
Сүйүнчү! Бишкекте жаңы автобустар каттамга чыкты
© Элита плюс
Сүйүнчү! Бишкекте жаңы автобустар каттамга чыкты
© Элита плюс
Сүйүнчү! Бишкекте жаңы автобустар каттамга чыкты
© Элита плюс

Бишкек шаарында бүгүн, 17-февралдан тарта 120 жаңы автобустун 1 партиясы, тагыраагы 50 автобус каттамга чыкты.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүндөн баштап бекитилген маршруттар боюнча №38, 42, 48 жаңы автобустар жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Белгилей кетсек, жапызполдуу автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, ал газ кыймылдаткычы менен жабдылган. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган, анын 26сы орундук, бирөө мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн, ичинде 8 USB кубаттагыч жана 5 камера бар.

Мындан тышкары, ар бир автобуста жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Жаңы автобустар учурдагы маршруттук линиялар боюнча төмөнкү каттамдарда:

№ 38 автобус каттамы (Аламүдүн-1 кичирайон — 110 квартал) шаардын батыш жана чыгыш тарабын камтыйт, узундугу 37,4 км, аралыгы 7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.

№42 автобустук каттам (12-кичирайон – Ала-Тоо конушу) шаардын түштүк жана батыш тарабын камтыйт, узундугу 49,6 км, аралыгы 7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.

№ 48 автобус (Батыш автобекети - Чыгыш автобекет (айланма)) узундугу 18 км, аралыгы- 7 мин. 14 автобус бөлүнгөн. №214 каттамдагы 42 кичи автобус алмаштырылат.

Калган автобустар жакынкы аралыкта каттамдарга чыгарылат. 

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы Кытайдан сатып алынган газ менен жүрүүчү 120 жаңы автобусту каттамдарга бөлүштүргөн.