Коом
“Сүйлөй да албай калган”... Актёр Азиз Мурадиллаев оор абалда ооруканага түштү
Элита плюс
Декабрь 03, 2022 г.
“Сүйлөй да албай калган”... Актёр Азиз Мурадиллаев оор абалда ооруканага түштү
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу актёр мырзанын сахналаш достору социалдык тармактарга жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Азиз Мурадиллаев боор циррозу оорусу менен жабыркап келет жана тез арада боорун алмаштырууга муктаж. Актёрдун өмүрүн сактап калуу үчүн 45 миң доллар керектелет.

Эске салсак, Азиз Мурадиллаевге 2016-жылы Москвада кан тамырларын бири-бирине туташтырган операция жасалган. Андан кийин Түркияда дарыланып, дарылоо ийгиликтүү өтүп, дарыгерлер операция жасатуу зарылдыгы жок экендигин айтышкан.

Маалыматка ылайык, учурда актёрдун катуу шишиги бар. Суюктук чыкпай, сүйлөй албай калган учуру.

Жардам берүүнү каалаган жарандар 0553330431 Элсом номерине которсо болот.