Коом
Штаб: Карантин учурунда свет менен ысык суу өчүрүлбөйт
Элита плюс
Май 15, 2020 г.
Штаб: Карантин учурунда свет менен ысык суу өчүрүлбөйт
© Элита плюс

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" жана энергетикалык компаниялар менен биргеликте өзгөчө кырдаал мезгилинде калкты, экономиканын тармактарын жана республикалык объекттерди электр энергиясы менен ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууда.
Республиканын аймактарында санитардык карантин посттору электр энергиясы менен камсыздалган.

 Энергетикалык компанияларга абоненттердин карыздары бар болгондуктан электр жана ысык сууну өчүрбөө боюнча көрсөтмө берилди.
 Иши калк менен түздөн-түз байланыштуу болгон жана тобокели жогору болгон зоналарда энергетиктер коргонуучу каражаттар менен максималдуу камсыздалды.
 Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында отун-энергетика тармагындагы 13 инфраструктуралык долбоор ишке ашырылууда.